super.kg logo

Нарын шаарында сел жүрүп, бир нече турак үйлөрдү суу каптады

 

Кечээ, 13-июнда Нарын шаарынын түштүк тарабындагы бир нече аймакта сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-июнь күнү саат 17:45 чамасында жаап өткөн нөшөрлүү жамгырдын кесепетинен Нарын шаарынын түштүк тарабындагы тоолордон келген сел-кыян суулары Нарын шаарынын РТС аймагындагы Жетиген, Ак-Шоола, Ак-Тилек, Ак-Жол, Сулайманов, Казиев, Молдоев, Бактыгул, Сүрөт-Булак, Мазар-Булак көчөлөрүндөгү болжолдуу 40-50 турак жайларды жана короолорун сел суулары каптаган.

Ошондой эле шаардын борборундагы С.Орозбак, Шаадыманов, Таалай көчөлөрүндө 6 турак жайларды жааган жаандын кесепетинен чогулган сел суулары турак жайдын ичине жана короо жайларын каптап, Көтөрмө аймагындагы 1 мечит, 1 турак жайдын короосуна кирип, зыянга учуратты.
Такталган маалыматтарга ылайык болжолдуу 58 турак-жайларды, чарбалык курулуштарын сел суулары каптаган.
Саат 18:15те Нарын шаардык жана Нарын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №16 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн өздүк курамына "Айгай" жарыяланып, 12 турак үйдүн жер төлөлөрүнө кирген сел сууларын жана 15 турак жайдын короолорунун ичиндеги сууларды 3 мотопомпанын, күрөктөрдүн, куткаруу кызматынын 35 адамдан турган куткаруучулардын жардамы менен суулар сыртка чыгарылды.
Мындан сырткары "Нарын суу канал" ишканасынан 1 ассенизатор, 1 даана экскаватор, жеке ишкердин 1 даана түрткүч трактору тартылып, өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу, сел өткөрүүчү каналдарды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Нарын шаарынын аймагында түзүлгөн кырдаалдын кесепетинен үй-жайсыз калган жана жабыркаган жарандар аныкталган жок.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: