super.kg logo

Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн медициналык текшерүүдөн өтөт

 

Коррупцияга шектелип кармалган саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев саламаттыгы жакшы болбой жатканын айтып даттанган. Бүгүн, 14-июнда ал медициналык текшерүүдөн өтөт дейт министрдин жактоосу Кайсын Абакиров.

Айтымында, аба ырайынын ысык болушуна байланыштуу Бейшеналиевдин кан басымы көтөрүлүп жатат.

"Алымкадыр Бейшеналиевдин абалы жалпысынан жакшы, болгону кан басымы кечээтен бери жогорулап баштады. СИЗОнун ичи ысык болуп жатат. Бүгүн Бейшеналиев медициналык кароодон өтүү үчүн ооруканага жиберилет. Азырынча кайсы жакка барып текшерилет белгисиз. Негизи уруксат берилди", - деди жактоочу.

Белгилей кетсек, 2-июнда министр Алымкадыр Бейшеналиев Башкы прокуратура тарабынан кармалган. Ага жети кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Президент Башкы прокуратура тарабынан коррупцияга шектелип кармалган саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин иши боюнча комиссия түзүлгөнүн билдирген. Андан кийин министр тергөө иштерине байланыштуу убактылуу кызматтан четтетилип, 1 айга СИЗОго камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: