super.kg logo

Ошто көлөмү болжолдуу 8 миң 400 метр кубду түзгөн жер көчкү жүрдү

 
Бүгүн, 14-июнда Ош облусунда жер көчкү жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар мниистрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Сары-Булак айыл өкмөтүнүн Ылай-Талаа — Сары-Булак — Гүлчө унаа жолунун 7-чакырымында жер көчкү түшкөндүгү туралуу болжол менен 12:00 чамасында маалымат түшкөн.
Алдын ала маалымат боюнча, 1 жеңил унааны алып кеткен. Ичинде жүргүнчүлөр жок экендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жер көчкү Портер унаасынын жарымын баскан, учурда унаа чыгарылган. Бактыга жараша, адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. Райондук ЖККнын чечимине ылайык жер көчкү коркунучу бар болгондугуна байланыштуу жол каттамы альтернативдүү айланма Ылай-Талаа —Шаркыратма —Сары-Булак жолу менен каттам жүргүзүлөт.
Көчкүнүн жолго түшкөн көлөмү болжол менен 8 миң 400 куб метр. Жолдун 50 метр аралыгы 50 сантиметрге чейин чөккөн.
Жеринде ӨКМнын кызматкерлери иш алып барууда. Кошумча маалымат берилет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: