Өзбекстанда 6 жашар бала тереңдиги 25 метр болгон кудукка түшүп кетти

Маалыматка ылайык, Өзбекстанда алты жашар бала талаадагы кургак артезиан кудугуна түшүп кеткен.
Кырсык Кашка-Дарыя облусунун Чыракчы районундагы Лангар айылына жакын жерде болгон. 25 метр тереңдикке кулап кеткен баланын атасы ӨКМга билдирген. Куткаруучулар тез эле жетип барышкан. Бирок баланы диаметри 200 миллиметр болгон кудуктан алып чыгуу үчүн экскаваторлор, грейдерлер жана башка атайын техникалар талап кылынган.
Натыйжада баланы бир суткадан кийин гана аман-эсен куткарып алышкан. Ага медициналык жардам көрсөтүлүп, учурда абалы жакшы.
Өзбекстанда 25 метрлик кудукка түшүп кеткен бала куткарылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.