super.kg logo

Булак-Башы жерлигинде кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү аяктады. Кабыл алынган чечимдер

 

Кыргыз-тажик чек ара тилкесинде кырдаал саат 17:30га карата чыңалуу бойдон калууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Атайын кызматтан билдиришкендей, Булак-Башы жерлигинде Кыргызстандын Баткен багыты боюнча жана Тажикстандын Согди багытындагы чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу аяктады.

Тараптардын ар бири болуп өткөн куралдуу окуя боюнча өз дооматтарын билдиришти. Кыргыз тарап кырдаалды курчуткан тажик чек арачыларына карата жүйөлүү аргументтерди келтирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки республиканын чек ара өкүлдөрү төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алышты:

  • Булак-Башы жерлигиндеги чек ара кезметтеринин жүрүү маршруттарын тактоо;
  • Окуя болгон жерге тартылган кошумча күч жана каражаттарды алардын туруктуу жайгаштыруу пункттарына кайтарууга;
  • “Булак-Башы” (Кыргызстан) жана “Кех” (Тажикстан) чек ара постторунун башчылары күн сайын жолугуп, кырдаал боюнча маалымат алмашууга милдеттендирүүгө;
  • Тараптарды мурда казылган траншеяларды көмүүгө милдеттендирүүгө;
  • Жер участоктору чек арага жакын жайгашкан жарандардын айыл чарба иштерин жүргүзүүсүнө тоскоолдук жаратпоого.
Жакынкы аралыкта эки республиканын чек ара делегацияларынын дагы бир жолугушуусу күтүлүүдө.
Маалымат үчүн: Бүгүн, 14-июнда саат 06:50—07:00 чамасында Тажикстандын "Кех" чек ара постунан Булак-Башы аймагына ок атылган. Тараптардын сүйлөшүүсүнө карабай саат 07:50дө тажик тарап гранатомёт жана миномётторду колдонуу менен кайрадан аткылоону баштаган. Саат 08:10до атышуу токтогон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: