Чолпон-Атада түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын XI пленардык отуруму өтөт
Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) XI пленардык отуруму 23-24-июнь күндөрү Чолпон-Ата шаарында өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Чолпон-Ата шаарына иш сапары менен барып, иш-чарага карата көрүлүп жаткан даярдыктын жүрүшү менен таанышты.
"ТүркПАнын XI пленардык отурумуна уюмга мүчө Түркия, Казакстан, Азербайжан мамлекеттеринин, ошондой эле боордош Өзбекстан, Түркмөнстан жана Венгрия өлкөлөрүнүн парламенттеринин делегациялары катышат. Отурумда парламенттер аралык байланыштарды арттыруу маселелери талкууланып, анын ичинен Социалдык ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү боюнча типтүү мыйзамдардын долбоорлору кабыл алынат.
Муну менен катар ТүркПАнын 2023-2028-жылдарга карата стратегиялык жол картасы бекитилип, иш чаралардын планы каралат", - деп жазылган маалыматта.


