Москвада туугандары тарабынан сабалган кыздын абалы айтылды
Москвада туугандары тарабынан сабалган 11 жаштагы кыз социалдык кызматкерлердин көзөмөлүндө. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Өзгөн райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция бөлүмүнүн адистери Москвадан кайтып келген жакындары тарабынан ырайымсыз мамилеге кабылган кызды жеке коргоо боюнча иш планын түзүшкөн.
"Бул план Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиянын социалдык кызматкерлердин катышуусунда өткөн жыйынында талкууланды. Кыздын ата-энеси менен баланы тарбиялоодо алардын милдеттери боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн", - деп жазылган маалыматта.
Учурда баланын психикалык жана физикалык абалы туруктуу, кыз социалдык кызматкерлердин такай көзөмөлүндө экени айтылды.
Эскерте кетсек, буга чейин Москва шаарынан 11 жаштагы кыргызстандык кыз туугандары тарабынан сабалганы маалым болгон. Кийинчерээк кыздын ата-энеси акча табуу үчүн аны Москвага жөнөткөнү айтылган.


