super.kg logo

Садыр Жапаров борбор калаада заманбап стадиондун курулушу качан башталарын айтты

 

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын футбол боюнча курамасын Азия Кубогу-2023кө чыгышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, өлкө башчы кечээ, 14-июнда Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргызстан менен Тажикстандын курамаларынын ортосунда болгон беттешке барды.

Беттеш аяктаган соң мамлекет башчысы улуттук кураманын кийим алмаштыруучу жайына кирип, команданы бул ийгилиги менен куттуктады.

"Садыр Жапаров машыктыруучулар курамына ыраазычылык билдирип, аларсыз бул жеңиштерге жетишүү мүмкүн болмок эместигин билдирди. Президент спортчулар менен болгон баарлашууда Кыргызстандын футбол боюнча курамасынын Азия Кубогуна катышуусуна байланыштуу бардык каржылык маселелер өз убагында чечилерин баса белгиледи.

Ал алдыда команданы көптөгөн жаңы спорттук бийиктиктер күтөрүнө, мамлекет тарабынан керектүү колдоо ар дайым көрсөтүлөрүнө ишенимин билдирди.

Мындан тышкары Садыр Жапаров көпчүлүк кыргызстандыктар үчүн жагымдуу жаңылык — ушул жылдын августунда Бишкекте 22,5 миң адам батарлык заманбап жаңы стадиондун курулушу башталарын билдирди.

Садыр Жапаров белгилегендей, бул эл аралык мүнөздөгү ири иш-чараларды тийиштүү деңгээлде өткөрүүгө мүмкүн болгон көп функциялуу спорттук арена болот. Бул Кыргызстанда футболду өнүктүрүү жана спорттун бул түрүн мындан ары жайылтуу үчүн зарыл", - деп жазылат маалыматта.

Өз кезегинде улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин жана команданын капитаны Валерий Кичин Садыр Жапаровго көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле борбор калаада жаңы заманбап стадиондун курулушунун башталышын чыдамсыздык менен күтүп жатышканын кошумчалашты.

Белгилесек, Кыргызстан менен Тажикстандын курамалары оюнду тең, 0:0 эсебинде жыйынтыкташты. Эки команда тең Азия Кубогу-2023түн финалдык баскычына чыгышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: