super.kg logo

Кара-Кулжада жер көчкү Хюндай Портер унаасынын жарымын басып калды

 

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жер көчкү Хюндай Портер үлгүсүндөгү унаанын жарымын басып калды. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Билдирүүдө таянсак, жергиликтүү тургундар унааны чыгарып алышкан. Жабыркаган жарандар жок.

Жеринде жер көчкү түшүп кетүү коркунучу сакталууда. Ошол себептен жолго атайын белгилер орнотулган. Унаалар Ылай-Талаа-Шаркыратма унаа жолу менен катташууда.

Кечээ, 14-июнда Кара-Кулжа районундагы Сары-Булак айыл аймагынын Ылай-Талаа-Сары-Булак-Гүлчө унаа жолунун 7-чакырымында жол боюна болжол менен 8400 метр куб жер көчкү түшүп, унаа жол жабылган.

Жерине 5 куткаруучу жана мониторинг департаментинин адистери тартылган. Мониторинг департаментинин адистери тарабынан изилдөө иштери жүргүзүлгөн, жер көчкү түшүү коркунучу жогоруу болгондуктан тазалоо иш-чаралары жүргүзүлгөн жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: