Митингге чыккандардын алдына Атазов чыкты
Ак Үйдүн алдына кыздардын укуктарын коргоону талап кылып митингге чыккандардын алдына Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов, Марлен Маматалиев жана Айбек Осмонов чыгышты.
Анда нааразычылык акциясына чыккандар Атазовдун отставкасын талап кылышты.
"Мен кыздардын, балдардын укуктары мамлекет тарабынан корголсун деп айтып жатам. Менин максатым кыргыз кыздар чет өлкөдө кор болбошу керек", - деди Атазов.
Митингге чыккандар эл өкүлдөрүнүн түшүндүрмө беришине мүмкүнчүлүк бербей, жапырт "Уят" деп кыйкырып жатышты.
Көп өтпөй Ак Үйдүн алдында депутаттарды колдогон элечек кийген аялдар келишти.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов 18 жаштагы кыздардын чет өлкөгө чыгуусуна айрым чектөөлөрдү киргизүүнү сунуштаган. Тагыраагы, эл өкүлү 9-июнда парламентте миграция маселесин көтөрүп, кыздарды чет өлкөгө ата-энелердин коштоосунда жиберүү керек экендигин билдирген.


