Шайлообек Атазовдун жардамчысы "Атазов, мандатыңды тапшыр!" деген плакатты айрып салды (видео)
Бүгүн, 15-июнда Бишкектеги Ак Үйдүн алдында депутат Шайлообек Атазовдун мандатынын тапшырышын талап кылгандар кайрадан митингге чыгышты.
Акцияга чыккандар "Эркин айым өнүккөн өлкө", "Атазов, кыздардын укуктарынан колуңду тарт!", "Кыздардын укуктарына тийбегиле!", "Атазов, мандатыңды тапшыр!" деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп чыгышты.
Митингге чыккандардын алдына депутат өзү чыкты. Ал сүйлөп жаткан учурда "Атазов, мандатыңды тапшыр!" деген жазуусу бар плакатты депутаттын жардамчысы айрып салды.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов 18 жаштагы кыздардын чет өлкөгө чыгуусуна айрым чектөөлөрдү киргизүүнү сунуштаган. Тагыраагы, эл өкүлү 9-июнда парламентте миграция маселесин көтөрүп, кыздарды чет өлкөгө ата-энелердин коштоосунда жиберүү керек экендигин билдирген.
Шайлообек Атазовдун жардамчысы плакатты айрып салды


