super.kg logo

Салык кызматы 5 айдын ичинде салыгын төлөгөн жарандардын туум жана санкцияларын жокко чыгарды

 

Салык кызматы 5 айдын ичинде салыгын төлөгөн жарандардын туум жана санкцияларын эсептен чыгарды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5 айдын ичинде салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызын төлөгөн 3 миң 267 субъекттин 13 миллиард 542 миллион 300 миң сом туум жана санкцияларын эсептен чыгарды. Бюджетке 6 миллиард 279 миллион 500 миң сом карыздын негизги суммасы төлөнгөн.

Атап айтканда, салык карызынын негизги суммасын төлөгөн 2 миң 186 салык төлөөчүнүн 13 миллиард 505 миллион 800 миң сом суммасында туум жана санкциялары эсептен чыгарылды. Субъекттер 6 миллиард 144 миллион 600 миң сом салык карызынын негизги суммасын төлөшкөн.

Ошондой эле камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөгөн 1 миң 81 субъекттин 36 миллион 500 сом туум жана айыптар эсептен чыгарылды. Бюджетке 134 миллион 900 миң сом камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасы төлөнгөн.

Белгилей кетсек, салык төлөөчүлөр салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөгөн учурда эсептелген туумдарды, санкцияларды жана айыптарды эсептен чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Мындай жеңилдик Кыргыз Республикасынын "Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө" мыйзамында каралган.

Мыйзамга ылайык, 2022-жылдын 1-июлуна карата салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөгөн төлөөчүлөр үчүн туумдар, санкциялар жана айыптар 100 пайызга жана 2022-жылдын 31-декабрына чейин карыздын негизги суммасын төлөгөндөр үчүн 50 пайызы эсептен чыгарылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: