super.kg logo

Жазаларды аткаруу кызматынын №47 мекемеси жоюлду

 

Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №47 мекемеси жоюлду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тиешелүү чечим министрлер кабинети тарабынан кабыл алынды. №47 мекемени жоюу чечими коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, Бишкек шаарынын инфраструктурасын жана соттолгондорду кармоо шарттарын жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Буга чейин жазаны өтөп жаткан бардык адамдар Жаза аткаруу кызматынын башка мекемелерине которулган.

Белгилей кетсек, №47 мекеме Бишкек шаарынын түштүк-батыш тарабында, калк жыш отурукташкан аймакта жайгашкандыктан жанаша турган турак жайлардын жарандарына ыңгайсыздык жаратып, жаза өтөө жайларын куруудагы заманбап талаптарга жооп бербейт.

Ошондой эле №47 мекемени жоюу жол-жобосун жүргүзүү үчүн тиешелүү комиссия түзүлдү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: