"Кыргызстан Баткенден башталат" флешмобу өттү







Баткенде "Кыргызстан Баткенден башталат" аталышындагы флешмоб өттү. Иш-чара бүгүн, 15-июнда Раззаков шаарынын кире беришинде өтүп, ага президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Лейлек районунун акими, президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын өкүлдөрү жана Баткен облусунун таланттуу жаштары, спортчулары катышты.
Флешмобдо таланттуу жаштар патриоттук, мекенди даңазалаган ырларды аткарышса, спортко тартылган жаштар өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. Ошондой эле Исхак Раззаковдун эстелигине гүл коюлду.
Президенттик администрация тарабынан уюштурулган маалыматтык турда медиа өкүлдөрүнө облустун аймагындагы абал, курула турган имараттар, элдин жашоосу, маанайы, айыл чарбасы тууралуу тааныштырылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.