super.kg logo

Көпчүлүк Кыргызстан-Тажикстан беттешинде Александр Крестинин КТРК Спорттон көрсөтүлбөгөнүн айтып нааразы болууда

 

Кечээ, 14-июнда Азия Кубогуна тандап алуу оюндарынын алкагындагы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы беттеште башкы машыктыруучу Александр Крестинин "КТРК Спорт" телеканалынын эфиринен көрсөтүлгөн эмес. Бул тууралуу журналист Айбек Бийбосунов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Азия Кубогун түз алып берген КТРК Спорт телеканалы Александр Крестининди атайын көрсөтпөй койгондой. Мьянма менен болгон оюнда башкы машыктыруучуну бир дагы жолу көргөн эмесмин. Жаңы эле Кыргызстан-Тажикстан беттешин карап чыктым. Крестинин камерага илинген эмес. Оюндун аяк ченинде Браузмандын чекеси жарылып, беттеш 5-6 минутага токтоп калган. Ошол учурда Александр Крестинин менен Кичин көпкө сүйлөшүп, андан кийин Кичин чабуулда чыкканын стадиондогулар көрүп турдук. Бирок КТРК Спорт машыктыруучу менен капитанды такыр көрсөтпөй, анын ордуна тажикстандыктарды тарткан. Биздин команда башкы машыктыруучу жок ойноп жаткандай. Команданы таптап келген Крестининге караганда оюнду көрүп отурган Садыр Жапаров кайра-кайра телевизордон чыкты.

Бир күн мурун Кенжебек Арыкбаев агабыз ушундай мазмундагы пост жазган. Ага КТРК Спорттун режиссёру "Крестинин өзүнүн текебердигинен ушуну көрүп жатат" деп жооп бериптир. Ушундай болобу?", - деп жазды Бийбосунов.
Өз кезегинде КТРК Спорт телеканалынын продюсери Шайырбек Арапов "Крестинин өзүнүн текебердигинен ушуну көрүп жатат" деген режиссёрго карата кызматтык териштирүү жүргүзүлүп, чара көрүлөрүн билдирди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: