Бишкекте курула турган жаңы стадиондун эскизи сунушталды




Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча жаңы стадиондун курулушу август айында башталат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Маалыматка ылайык, стадион борбор калаанын түштүк-батыш тарабында курулат. Ал 22 миң 500 кишилик заманбап көп функциялуу спорт аянтчасы болот.
Султанбаевдин айтымында, стадионду бул жаатта көп жылдык тажрыйбасы бар Европадан келген компания курат. Каржылоонун негизги бөлүгүн европалык инвестициялар түзөт.
"Стадиондун курулушу болжол менен эки жылда бүтөт. Сиздерге жаңы стадиондун эскизин (концепциясын) сунуштайбыз", - деп жазган басма сөз катчысы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.