super.kg logo

Туристтик-экологиялык милиция көлдүн айланасын таза кармоого чакырат

 

Ысык-Көл облусунда көлдүн түбүн тиричилик таштандыларынан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иш-чаралары жүрүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-15-июнь күндөрү Түп районунун Николаевский булуңунда, Балбай, Күрмөнтү жана Фрунзе айылдарына жакын жерде тазалоо иштери жүргүзүлгөн.

"Таза Ысык-Көл" коомдук фондунун суучулдары жана милиция кызматкерлери эки күндүк иш учурунда көлдүн түбүнөн узундугу 3000 метрге жеткен синтетикалык балык уулоочу эски торлорду жана 12 кап өлчөмүндөгү желим бөтөлкөлөрдү алып чыгышты. Чогулган таштандылар кайра иштетүү үчүн Балыкчы шаарындагы жеке ишканага өткөрүп берилген.

Туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери белгилегендей, элдин кайдыгерлиги Ысык-Көлдүн экологиясынын бузулушуна алып келе жатат. Эс алуучулар көп таштандыларды таштап кетишет, ал эми жергиликтүүлөр балык кармагандан кийин торлорду тазалабай, көлгө ыргытып жиберишет. Мунун баары көлдүн экосистемасынын табигый процесстерин бузат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: