super.kg logo

"Диндердин өнүгүү тарыхы" предметин окутчу мугалимдер тандалып алынат

 

Жаңы окуу жылында 9-класстын окуучулары үчүн "Диндердин өнүгүү тарыхы" сабагын берүүгө мугалимдерди тандап алуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тандоодо райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү арыз берген адамдардын документтерин кылдаттык менен карап чыгат. Арыз берген талапкерлерден төмөнкүлөр талап кылынат:

- квалификациялык талаптарга жооп берген “Теология” багыты боюнча жогорку кесиптик билим деңгээлинин же “Тарых мугалими” квалификациясы бар жогорку педагогикалык билиминин болушу. Бул учурда дипломдун оригиналын берүү менен бакалавр, адис, магистр даражаларынан төмөн эмес деңгээлдер караларын эске алуу керек;

- эмгек китепчеси;

- мектептин директорунун атына мугалимдин арызынын болушу;

- иштеген жеринен сунуштама кат;

- 3x4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт.

Белгилей кетсек, 2022-2023-окуу жылынан баштап жалпы билим берүү уюмдарда "Диндердин өнүгүү тарыхы" предмети киргизилет. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: