super.kg logo

Мадина шаарчасында балдарга оюн аянтчасы курулат

 

Бүгүн, 16-июнда медиа өкүлдөрү Баткен облусунун Мадина шаарчасында болушту. Анда президенттин Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен шаарынын мэри, айыл өкмөт башчылары маалымат беришти.

Облус башчысы шаарчага тигүү цехи курулуп, келиндер иш менен камсыз болорун белгиледи.

"36 үй-бүлөнүн ар бирине 1 миллион сомдон кенемте төлөнгөн. Андан тышкары чек ара чырында атасы өтүп кеткен үй-бүлөнүн 18 жашка чыга элек ар бир баласына 3 миң 700 сомдон жөлөк пул берилет", - деди президенттин өкүлү.

Ал эми Баткен шаарынын мэри шаарчанын бош аймагына балдар үчүн оюн аянты куруларын кошумчалады.

Маалымат үчүн:

2021-жылдын апрель айынын аягында кыргыз-тажик чек арасында орун алган куралдуу кагылышууда 36 Кыргыз жараны каза болгон. Алардын үй-бүлөсүн турак жай менен камсыз кылуу максатында Баткен шаарынын мэриясы тарабынан 5 гектар жер тилкеси бөлүнгөн.

Курулуш иштери 2021-жылдын май айында башталып, ошол эле жылдын 16-сентябрында чек ара окуясында шейит болгондордун жакындарына турак жайларды тапшыруу аземи болгон. Курман болгондор үчүн турак жай курулган жаңы шаарчага окуяда каза болгон өспүрүм кыз Мадинанын аты ыйгарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: