super.kg logo

Бул дүйнөгө келбепсиз, Баткендин өрүгүн жебепсиз. Өрүкзарлары менен даңкталган аймактан сүрөт баян

 

Баткенде учурда өрүктү чогултуу жана экспорттоо иштери кызуу жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө ак өрүктөр бышып, Кыргызстандын башка аймактарына гана эмес, чет өлкөгө да чыгарылууда. Аталган облуска болгон сапарыбызда Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылындагы өрүк терүү процессине күбө болдук.

Өрүкзарга барганыбызда багбандар өрүктөрдү терип, сорттоп ящиктерге салып жатышканын көрдүк. Алар өрүктү экспортко жөнөтүүгө даярдап жатышыптыр. Багбандын айтымында, өрүк май айынын 20сынан тарта бышып баштайт, жыйноо мезгили 20-июнга чейин созулат.

Район боюнча чогултулган өрүктөрдүн негизги бөлүгү Орусияга экспорттолот. Андан тышкары Германияга да экспорт болот. Акыркы бир аптада эле чет өлкөгө 1 миң 70 тонна өрүк чыкты. Алдыда дагы бир нече тонна өрүктү тышкы рынокко чыгаруу болжолдонууда.


Айылдагылар быйыл өрүктүн түшүмү мол болгонун, былтыр өрүк дээрлик мөмө бербегенин белгилешет. Буга аба ырайы себеп болгон дейт алар.

Чогултулган өрүктөр трассанын боюнда ушундай жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, чет өлкөгө ташылып чыгат. Биз барганда өрүктүн 1 килограммы 150 сомдон болуп жатыптыр. Багбандар белгилегендей, биринчи бышкан өрүктөрдүн килограммы 240 сомдон сатылган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: