Бишкек мэриясы ата мекендик өндүрүштөн газ менен жүрүүчү 5 автобус сатып алат
Бишкек мэриясы менен "Белес" компаниясы кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. Бул туурасында калаа мэриясы маалымат таратты.
Маалыматта жазылгандай, меморандумдун алкагында калаа бийлиги "Белес" компаниясы чыгарган жабдыктардын сапатын алгачкы текшерүүдөн өткөрүү максатында газ менен жүрүүчү 5 автобус сатып алат.
Меморандумга Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев жана "Белес" компаниясынын башкы директору Мирбек Аскалиев кол койду. Аны менен катар борбор калаада алдынкы убакта биргеликте ишке ашыра турчу долбоорлор талкууланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
4

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.