super.kg logo

Чүй районунун милициясы жарандарды мал-мүлкүнө сак болууга чакырды

 

Чүй районунун милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен жолугушууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 15-июнь күнү Чүй районунун Кызыл-Аскер, Ак-Бешим айылдарынын жашоочулары менен милиция кызматкерлери жолугушту. Жолугушууда Чүй районунун мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери менен тыгыз иштешүү аркылуу калк арасында болуп жаткан көйгөйлөрдү жеринен чечүү, жергиликтүү тургундардын юридикалык, социалдык багыттагы маселелерине жардам көрсөтүү боюнча бир катар иштер аткарылган.

Ошондой эле иш-чара учурунда милиция кызматкерлери ар бир жарандын коопсуздугун сактоодо жана коомдук тартипти камсыз кылууда ар дайым иш алып барып жаткандыгын кабарлашып, ар бир жаран милиция кызматкерлерине кайрылып түшүнбөгөн суроолорго жооп алууга укуктуу экени айтылган.

"Учурда кылмыштуулукту алдын алуу жана болтурбоо максатында район ичинде "Отработка", "Арсенал" аттуу алдын алуу иш-чарасы өткөрүлүп жатканын маалымдашып, ар бир жаран өздөрүнүн мал-мүлкүнө сак болушун жана кароосуз мал-жандыктарын калтырбоосун эскертишти.

Кечки жана түнкү учурларда автоунаа жолдоруна мал-жандыктарды кароосуз калтырбоо, курал-жарагы бар жарандар ок атуучу куралды сактоо жана туура колдонуу боюнча эрежелерин сактоо, мектеп окуучуларынын жол эрежелерин так сактоо, мектеп окуучулары мыйзамды бузганга жана ар кандай укук бузууларга барбоосу боюнча дагы маектешүүлөр болуп өттү", - деп жазылган маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: