super.kg logo

Ажылык сапарга кеткендердин экинчи тобу Медина шаарына жетти (фото)

 

Кыргызстандык ажылардын экинчи тобу Медина шаарына жетти. Аларды Медина шаарындагы ажылыкты уюштуруу боюнча көчмө штабдын өкүлдөрү тосуп алышты. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, экинчи топ менен 404 адам Медина шаарына барган.

"17-июнь күнү ажылык милдеттерин аткаруу үчүн Кыргызстандан келген болочок ажылардын экинчи тобун тосуп алдык. Медина шаарына келген зыяратчыларыбызды коштоп 2 дарыгер келди. Учурда мейманканаларга жайгаштыруу иштери аяктады", - деген ажылыкты уюштуруу штабынын өкүлү Жоробай Шергазиев.

Эскерте кетсек, 16-июнь күнү кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу Медина шаарына кеткен болчу. Учурда Медина шаарында жалпысынан 809 кыргызстандык жаран өздөрүнүн ибадаттарын аткарышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: