super.kg logo

Башкы прокуратура УКМКнын СИЗОсунда асынган абалда табылган Бакыт Асанбаев боюнча тергөөнү баштады

 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагында асынган абалда табылган "Айыл Банктын" мурдагы жетекчисинин орун басары Бакыт Асанбаев боюнча тергөө иши башталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

"18-июнда 102 кызматына УКМКнын убактылуу тергөө изоляторунда айыпталуучу А.Б. асынып каза болгондугу жөнүндө маалымат келип түшкөн.

Аталган факты электрондук маалымат каттоо бирдиктүү реестрине катталып, Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүүдө.

Учурда Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан тергөө изоляторунун видео байкоо жазуулары алынып, кызмат адамдары суралууда. Ошондой эле соттук-медициналык жана башка тийиштүү экспертизалар дайындалды", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, окуянын жагдайлары толук жана объективдүү текшерилип, юридикалык баа берилет.

Буга чейин УКМК бүгүн, 18-июнга караган түнү саат 00:55 чамасында Бакыт Асанбаев тергөө абагында асынып алгандыгын кабарлаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: