Садыр Жапаров УКМКнын СИЗОсунда каза болгондор боюнча комиссия түздү
Өлкө башчы Садыр Жапаров УКМКнын СИЗОсунда асынган абалда табылган Бакыт Асанбаев жана СИЗОдо комага түшүп, кийин ооруканада каза болгон Марат Казакпаев боюнча комиссия түздү. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.
"Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмү, ошондой эле "Айыл банк" ААК башкармасынын төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин УКМКнын убактылуу тергөө абагында өзүнө кол салуу фактысын бейтараптуу жана объективдүү изилдөө үчүн жумушчу комиссия түзүлдү.
Комиссия окуялардын жагдайларын ар тараптуу изилдеп, анын ишинин жыйынтыгы өлкөнүн жогорку жетекчилигине берилет", - деп жазылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, 9-июнда Марат Казакпаев оор абалда ооруканага жеткирилип, комага түшкөн. Серепчи 10-июнда №1 шаардык клиникалык ооруканасында көз жумган. Ага геморрагиялык инсульт деген диагноз коюлган.
Көп өтпөй эле, тагыраагы 18-июнга караган түнү саат 00:55 чамасында Бакыт Асанбаев УКМКнын тергөө абагында асынып алгандыгын кабарлаган.


