super.kg logo

Бишкекте жол оңдоп жаткандарга 58 миң сом айып салынды

 

Бишкек шаарында уруксат кагазы жок жол оңдоп жаткан "Техник Трейд" жоопкерчилиги чектелген коомуна 58 миң сом айып салынды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

"Бул фирма Курманжан Датка 148 дарегиндеги жолду оңдоп-түзөө учурунда башка жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жаратып, эч кандай коопсуздук эрежелерин сактаган эмес. Ошондой эле эч кандай эскертүүчү жол белгилерин орноткон эмес. Жадакалса жолду оңдоп-түзөө боюнча эч бир мамлекеттик органдар менен макулдашып же уруксат сураган эмес", - деп жазылат билдирүүдө.

Ошого байланыштуу бул фирмага кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмү коопсуздук эрежелеринин талаптарын сактабагандыгы үчүн 23 миң сом, ал эми мамлекеттик органдар менен макулдашпай, уруксат сурабай өз алдынча жол оңдоо иштерин жүргүзгөндүгү үчүн 35 миң сом айып салынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: