"1 чакырымы бүттү". Балыкчы-Кочкор темир жолу кандай салынууда? (фото)






Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Нарын жана Ысык-Көл облустарына жумушчу сапарынын алкагында күз-кыш мезгилине карай даярдыктын жана жолдордун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жумгал районундагы "Кара-Кече" кенинде Бакыт Төрөбаев «Шарбон» жабык акционердик коомунун жана «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасынын жетекчилери менен жолугушту, алар көйгөйлүү маселелерди ортого салды.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча, министрлер кабинетинин башчысынын орун басары мамлекеттик органдарга көмүр ишканалары көтөргөн маселелерди чечүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Буга катар Бакыт Төрөбаев өнөр жай жана экологиялык коопсуздук ченемдерин тыкыр сактоо менен жакын арада көмүр ташуу иштерин баштоо зарылдыгын белгиледи жана көмүр казуу ишканаларынын жетекчилерине Бишкек шаарынын ЖЭБине жана калкка көмүр ташуу боюнча өз милдеттенмелерин аткарууну сунуштады.
Андан соң Бакыт Төрөбаев Балыкчы шаарындагы отун базасында жеке ташуучулар менен жолугушту. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары алардын көйгөйлөрүн угуп, алдыдагы күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өтүүдө көмүр ташуучулардын ролу чоң экенин белгилеп, мамлекеттик органдарга жана «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасына ташуучулар тараптан көтөрүлгөн көйгөйлөрдү чечүү боюнча тапшырмаларды берген.
"Бакыт Төрөбаев ошондой эле Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушу менен таанышты. «Кыргыз темир жолу» Улуттук Компания» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев темир жолдун курулушунун жүрүшү тууралуу маалымат берди. 1 чакырым темир жол салынган, учурда жолдор салынып жатат", - деп жазылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, «Кыргыз темир жолу» УК» МИ узундугу 63 чакырымды түзгөн «Балыкчы-Кочкор» темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруунун үстүндө иштеп жатат.
Ошондой эле Төрөбаев Жумгал жана Кочкор райондорундагы Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушу менен таанышып, курулушчуларга сапатка басым жасоо менен ишти тездетүүнү сунуштады.


