super.kg logo

Депутат Бакыт Асанбаевдин өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоо керектигин айтты

 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагында "Айыл Банктын" мурдагы жетекчисинин орун басары Бакыт Асанбаев өз жанын кыйган окуя боюнча депутат Дастан Бекешев өзүнүн Телеграм каналына билдирүү калтырды.

"УКМКнын СИЗОсунда өз жанын кыйган Бакыт Асанбаевдин өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоп, УКМКнын тергөө абагынын башчысын, анын орун басарын кызматтан алуу керек. Себеби аларга тергөө изоляторун көзөмөлдөө функциясы жүктөлгөн. Кылмыш ишин объективдүү иликтөө үчүн Башкы прокуратуранын кызматкерлеринен тергөө тобу түзүлүшү керек. УКМКнын СИЗОсунун тагдыры тууралуу ойлонууга убакыт жетти. Балким, аны жоюу жакшыдыр. Бул СИЗОдо бир жумада эки өлүм катталды. Бизди ал жерде баары жайында экенине ишендире алышат, бирок мыйзамсыздык адамдардын өлүмү аркылуу көрүнүп жатат", - деп жазган ал.

Эскерте кетсек, буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагында "Айыл Банктын" мурдагы жетекчисинин орун басары Бакыт Асанбаев өз жанын кыйганы жазылган.

Ал эми 10-июнда УКМКнын тергөө камак жайынан ооруканага түшкөн саясий серепчи Марат Казакпаев каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: