super.kg logo

"Атасынын жардамчысы". Күрүч талаасында иштеген 13 жаштагы өспүрүм жумушу тууралуу айтып берди

 

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Турпак айыл өкмөтүнө караштуу Миң-Чынар айылынын 13 жаштагы тургуну Кубатбек Жарматов порталыбызга күрүч өстүрүү ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.

"Мен 13 жаштамын. Акыркы 3-4 жылдан бери ата-энеме жардам берип келем. Күрүч 15-апрелден кийин эгиле баштайт. Бирок күрүчтөр сортуна жараша, атап айтканда айрым сорттор июнь айында дагы эгилет. Бышуу убактысы да ар башка", - дейт Жарматов.

Ошону менен катар Кубатбек күрүчтүн уругун сууга таштагандан тарта даяр болгонго чейин процессти ирети менен баяндап берди.

"Үч айдан беш айга чейинки аралыкта өсөт. Күрүчтү эгүүдөн мурун жерди тегиз кылып түздөп алабыз. Андан соң суу толтурабыз. Күрүчтүн уругу сууга ташталгандан 3 күн өткөн соң өнө баштайт. Бир жумадан кийин өнүп баштайт. Биз сууну кечип отобойбуз. Отоо чөпкө каршы дары чачабыз. Күрүч өстүрүүнүн да өз түйшүктөрү бар. Мисалы, айрым жерлерде суу бир күндө сиңип кетет. Биз эки күндө бир суу куюп турабыз. Анын да өз эрежеси бар. Андан сырткары мал-жандан коргош керек. Күрүч даяр болгон учурда орок менен оруп алабыз. Андан соң аны данынан ажырата турган процесстер жүрөт", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: