super.kg logo

Ошто изделип жаткан өспүрүм кыз Бишкектен табылды

 

Ошто дайынсыз болуп изделип жаткан өспүрүм кыз Бишкектен табылды. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.

Маалыматка таянсак, Араван РИИБине жергиликтүү тургун арыз менен кайрылып, 2005-жылы туулган жашы жете элек кызын издөөгө көмөк көрсөтүүнү суранган. Ал 3-июнь күнү саат 16:00 чамасында үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгону маалымдалган.

Аталган факты Араван РИИБинде катталып, издөө иштери башталган. Ал Бишкектин аймагында болушу мүмкүн деген маалыматтар дагы текшерилген.

14-июнда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагынан жашы жете элек кызды табышкан. Андан ары туугандарына өткөрүп берүү үчүн ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна жеткирилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: