Ош шаарында 120 орундуу бала бакчанын курулушу башталды




Ош шаарында 120 орундуу бала бакчанын жаңы имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Юго-Восток кичи районунда 120 орундуу "Балажан" бала бакчасынын кошумча имаратынын курулушу башталды.
"Учурда пайдубалын куюу иштери жүрүп жатат. Бекитилген мөөнөт боюнча объект 9 айда пайдаланууга берилиши керек. Курулуш компаниясы тарабынан объектти быйылкы жылы бүткөрүп, колдонууга берүү аракеттери көрүлүүдө", - деп жазылган маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.