Аскар Акаевдин небереси Швейцариядагы окуу жайды аяктап, артыкчылык дипломуна ээ болду





Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин небереси Айтеңир Акаев Швейцариядагы окуу жайлардын бирин артыкчылык диплом менен аяктады. Бул туурасында Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Айжигит Матраимов өзүнүн баракчасына жазып чыкты.
"Аскар Акаевдин небереси, маркум Айдар Акаевдин уулу Айтеңир Акаевге Швейцариянын Женева шаарындагы Ду Леман (COLLEGE DU LEMAN) колледжинде эл аралык бакалавр квалификациясы ыйгарылып, артыкчылык диплом менен аяктады. Ал 10 жашынан бери аталган шаарда Бермет Акаеванын колунда өскөн", - деп жазган ал.
Белгилей кетсек, буга чейин Аскар Акаевдин Алматы шаарындагы Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетине барганы айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.