super.kg logo

Салык кызматы: "ККМ колдонгон ишкерлер кардарларга кассалык чек берүүгө милдеттүү"

 

ККМ колдонгон ишкерлер сатып алуучуларга кассалык чек берүүгө милдеттүү. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, акыркы жумада салык органдарына жарандардан айрым соода түйүндөрүнөн товар сатып алууда же кызматтарды пайдаланууда кассалык чек берүүнү токтоткондугу жөнүндө даттануулар түшө баштады. Алардын айтымында, ККМди колдонуу жокко чыгарылды деген жүйөө менен кассалык чек берүүнү токтотушууда.

Ушуга байланыштуу Мамлекеттик салык кызматы ККМди колдонуу жокко чыгарылбагандыгын жана ККМди колдонууга милдеттүү болгон бардык ишкерлер сатып алуучуларга кассалык чек бериши керектигин билдирет. Мындан тышкары чек талап кылганга чейин сатып алуучунун колуна берилиши керек.

Эскерте кетсек, министрлер кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги токтомуна ылайык ККМди колдонууга өтүү мөөнөтү аныкталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: