super.kg logo

Сузакта милиция кызматкерлери пара менен кармалышты

 

Жалал-Абад облусунун Сузак РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери пара алып жаткан учурда кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 21-июнда Сузак райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери 15 миң сом акча каражатын пара катары алып жаткан учурунда кармалышкан.

"Такталгандай, К.А.А. жана Э.А.А. аттуу Сузак РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери Сузак районунун жашоочусун кылмыш жообуна тартуу менен коркутуп, жасалма арыз материалдарын жасашып, оң чечим чыгарып беребиз деп 40 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылышкан, анын 25 миң сомун мурда алышкан.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголду. Кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш-чаралар уланууда", - деп жазылган маалыматта.






Сузак РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери пара алып жаткан учурунда кармалышты.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: