super.kg logo
  Саясат  

Камчыбек Ташиев: "Кумтөр боюнча текшерүү жүрүп жатат"

 

Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңеште казинолорду легалдаштыруу боюнча мыйзам долбоору каралууда.

Анда депутат Кундузбек Сулайманов "Кумтөр" компаниясынын жектекчиси Теңгиз Бөлтүрүк бюджетти каалагандай пайдаланып жатканын айтып, жетекчилик менен кеңешпейби деп суроо салды.

Депутаттын суроосуна УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жооп берди.

"Теңгиз Бөлтүрүктүн аталган мыйзам долбооруна тиешеси жок. 50 миллион долларга чейин уурдап жатыптыр, силер көрбөй жатасыңар деген нерсе туура эмес. Биз баарын көрүп, карап турабыз. Президентибиз кумтөрдү текшерүү боюнча эсеп палатасын дайындаган. Биз - укук коргоо органдары текшерүүнү баштап, жакында аягына чыгарабыз.

Баятан бери эки-үч жолу айтып жатасыз, бул жакты карасам күлөм, бери жакты карасам ыйлаймын деп. Сиз ыйлабаңыз дагы, күлбөңүз дагы. Добушуңузду бербей эле коюңузчу сураныч. Өзүңүзгө кыйынчылык алып келбеңиз. Добуш бериңиз же бербеңиз", - деди Ташиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: