super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Акылбек Жапаровдун оозунан миллиард эле чыга берет, эч качан миллион чыкпайт"

 

Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңеште "Кыргызстандагы оюн-зоок иши жөнүндө" жана "Оюн-зоок ишинин маселелери боюнча айрым актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору добуш берүүгө коюлду. Анда 6 депутат добуш берүүдөн баш тартты.

Эл өкүлү Адахан Мадумаров мыйзам долбооруна каршылыгын билдирип жатып "биздин позиция кумарсыз Кыргызстан" дейт.

"Урматтуу кесиптештер, сиздерге кайрылам, кыргыздын жакшынакай каада-салты бар. Эч качан кумарга жакындаба дейт. Кумар жакшылыкка алып келбейт. Мүмкүн канча бир акча... Акылбек Жапаровдун оозунан миллиард эле чыга берет, эч качан миллион чыкпайт. Келбейт андай акча. Мына Филиппин менен Таиландды мисал кыла берет. Биз кумаркананын айынан келип чыга турган апааттардан этият бололу деп жатабыз. Биз позициябызды ачык билдирдик, ошондуктан кумарсыз Кыргызстан болуш керек. Сойкукана, жетимкана, кумарканасы жок өлкөгө айланышыбыз керек", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 7 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: