super.kg logo

Министрлик интернет жылдызына айланган келинди эл аралык аренага чыгарууга, жогорку билимин аяктоого жардам берет

 
Бир түндө интернет жылдызына айланган Бегимай Турусбекованы маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов кабыл алды. Министрликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, таланты таш жарган келинди эл аралык аренага чыгарууга, жогорку билимин аяктоого жардам берилет.
"Аткаруу жөндөмү жана даремети абдан жогору Бегимай Турусбекованын чыгармачылыгына ийгилик каалап, анын чыгармачылыгын ар тараптан колдоого алып эл аралык сынактарга катышууга көмөктөшө турганыбызды билдирдик.
Тактап айтканда, министрлик Бегимай Турусбекованы "Central Asia's Got Talent" сынагына жөнөтүү үчүн тиешелүү жардам көрсөтөрүн, ошондой эле, Казакстанда, Түркияда жана Венгрияда өтө турган маданият күндөрүнө кошуп, анын талантынын ачылышына жана эл аралык аренага чыгуусуна жардам бере турганынын баса белгиледик.
Бегимай Турсунбекова буга чейин Муратаалы Күрөңкеев атындагы кыргыз мамлекеттик окуу жайында жана Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинде окуп, аны бүтпөй калгандыгын белгилеп, буга чейин бир катар сынактарга катышып, бирок эч жолу болбой келгенин эскерди.
Бегимай Турусбекованын окуусун кайрадан калыбына келтирүүгө жана аны ийгиликтүү аяктоосуна жардам беребиз", - дешет маалымат кызматынан.

Эске салсак, 18-июнда Бишкектеги Ынтымак-2 сейил багында "Титаник" тасмасындагы "My Heart Will Go On" аттуу ырды жандуу үн менен ырдаган келиндин видеосу интернет айдыңында желдей тарап, көпчүлүктү суктандырган.

Көп өтпөй SUPER.KG порталы бир түндө интернет жылдызына айланган Бегимай Турусбекова менен маек курган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: