Коомдук жай, имараттарга видеокамера сөзсүз орнотулушу керек. Тиешелүү мыйзамга кол коюлду
Президент Садыр Жапаров "Сырткы видеобайкоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кабыл алынган мыйзам республиканын бардык аймактарында тышкы видеобайкоо тутуму менен жабдылган юридикалык жана жеке жактарга иш алып барган объекттерге тиешелүү, бул өлкөдө кылмыштын алдын алууда кошумча чараларды түзүүгө жана коомдук коопсуздукту камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Жергиликтүү кеңештер, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын сунушу боюнча, тышкы видеобайкоо тутумун түзүүгө тийиш болгон тиешелүү администрациялык аймактык бирдиктин аймагында жайгашкан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин объектилеринин тизмесин бекитет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.