super.kg logo
  Саясат  

Бангкоктогу демонстранттар өкмөт үйүн басып алууга аракет жасашты

 
Кечээ, 2-декабрда Бангкоктогу демонстранттар өкмөт үйүн, парламентти жана шаардык полиция башкармалыгынын имаратын басып алууга аракет жасашты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирет.
Маалыматка караганда, өкмөт үйүн басууга аттанган митингчилерге каршы жергиликтүү полиция көздөн жаш агызуучу газ колдонгон. Аларга каршы оппозиция өкүлдөрү таш менен чабуул жасап, бирок майнап чыккан эмес. Азырынча каршылык акциясына чыккандардын саны так маалымдала элек. Айрым маалыматтарга караганда, бүгүнтөн (2-декабрь) тарта кээ бир мектептер менен жогорку окуу жайлар абал турукташканча жабылды.

Белгилей кетсек, Таиланд оппозициясы Каржы министрлигинин имаратын басып алып, аны штабга айлантып алышкан. Өкмөт 2-декабрь күнү каржы министрлигинин имараты бошотуларын кабарлаган менен азырынча мындан майнап чыга элек. Оппозиция өкүлдөрү аталган министрликтин имаратын азыр деле штаб катары пайдаланууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: