super.kg logo

"99, 9999 пайыз көрүнүп турат". Эдил Байсалов "Айыл Банктын" каза болгон кызматкеринин өлүмү боюнча пикирин айтты

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Айыл Банктын" төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев киши колдуу каза болбогонун, муну видео тастыктай турганын айтты. Ал мындай пикирин бүгүн, 23-июнда УКМКга барганда билдирди.

"Кечээ комиссиянын жыйыны болуп, мүчөлөр менен видеожазууларды көргөнбүз. Албетте, оңой болгон жок, анда Марат Казакпаев менен Бакыт Асанбаевдин жубайы, бир туугандары да катышты. Алдын ала айта берейин, Бакыт Асанбаев азырынча киши колдуу өлдү дегенге түз факт жок, бирок өзүнө кол салганы 99, 9999 пайыз көрүнүп турат. Бул расмий эмес, менин жеке пикирим", - деди ал.

Белгилей кетсек, Эдил Байсалов саясий серепчи Марат Казакпаев менен "Айыл Банктын" төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтеген комиссияны жетектейт.

Эске салсак, 9-июнда Марат Казакпаев оор абалда ооруканага жеткирилип, комага түшкөн. Серепчи 10-июнда №1 шаардык клиникалык ооруканасында көз жумган. Ага геморрагиялык инсульт деген диагноз коюлган.

Ал эми 18-июнга караган түнү саат 00:55 чамасында Бакыт Асанбаев УКМКнын тергөө абагында асынып алгандыгы кабарлаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: