Бишкекте бир нече троллейбустардын каттамы убактылуу токтоду





Бишкекте бир нече троллейбустун каттамдары убактылуу токтоду. Бишкек шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришкендей, троллейбустук линияларга бак кулаган.
"Москва көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде Бишкек троллейбус башкармалыгынын троллейбустук линияларына бак кулап, анын кесепетинен №4, №-7, №8, №9, №10 маршруттук каттамдар убактылуу токтотулду.
Учурда оңдоо иштери жүрүүдө. Үзүлүү чоң болгондуктан оңдоо иштери канча убакта бүтөрү азырынча белгисиз", - дешти калаа башкармалыгынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:00
2025-07-20

10:35
2025-07-19

9:14
2025-07-19
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.