super.kg logo

Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйыны өтүүдө

 

Бүгүн, 24-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйыны башталды. Анда Казакстандын парламентинин мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов ТүркПАга төрагалык кылуу милдети Казакстандан Кыргызстан тарапка өтүп жатканын белгиледи.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов ТүркПАнын кезектеги отурумдарына келип, катышып жаткандыктары үчүн ассамблеяга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин делегация башчыларына ыраазычылык билдирип, бүгүнкү жыйында бир катар маанилүү маселелер караларын маалымдады.

"Парламенттик ассамблея түзүлгөндөн бери көптөгөн долбоорлор ишке ашырылып келди. Мындан ары да тыгыз кызматташтык аркылуу боордош элдердин биримдигин арттыра беребиз деген ишеничтемин. Анткени тарыхый байланышы терең, тектеш элдердин байланышын чыңдоо учур талабы", - деди Мамытов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: