Мээрим Жуманазарова Азия чемпиондугунда бардык атаандаштарын мөөнөтүнөн мурда жеңип, жеңишке жетти
Мээрим Жуманазарова Бишкекте өткөн жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда бардык атаандаштарын мөөнөтүнөн мурда жеңип, жеңишке жетти. Бишкекте өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпиондугунда ал 68 килограмм салмакта күч сынашты.
Мээрим Жуманазарова үч беттеште тең мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетип, 2022-жылы Азия чемпиону аталды. Муну менен ал дагы бир алтын медалды камсыздады.
17 жана 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиондугу Бишкектеги шаардык муз аянтчасынын аренасында өтүүдө. Спорттук иш-чара эртең жыйынтыкталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.