super.kg logo
  Саясат  

Социалдык өнүктүрүү министрлиги мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоо шартын жакшыртууга багытталган программаны иштеп чыкты

 
“Социалдык мамлекетте жашагандардын баары инфраструктураны пайдаланууда бирдей укукка ээ болуусу керек”,- деди КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев бейөкмөт уюмдардын лидерлери менен болгон жолугушуусунда. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Министрдин айтымында, учурда Кыргызстанда коомчулукту гуманизациялоо багытында бир катар иштер жүрүп жатат. Сентябрь айында “Жүрөктөн жүрөккө” аталыштагы акция өтүп, ага 1500ге жакын майып балдар чогулган. Эми бул акция Жалал-Абадда өтмөкчү. 
Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматында, кайрымдуулук акциялары ар бир облуста уюштурулат. Мындан тышкары министрлик менен бейөкмөт уюмдардын биргелешип иш алпаруусунун натыйжасында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоо шартын жакшыртып, алардын музейлерге, театрларга акысыз баруусун камсыздаган атайын план иштелип чыккан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: