super.kg logo
  Саясат  

"Эмне артист болуп жатасыз?". Адахан Мадумаровду кесиптеши шоу уюштуруп жатасың деп сындады

 

Жогорку Кеңештин жыйынында Адахан Мадумаров кесиптештери тарабынан сынга алынды. Буга депутаттын мыйзам долбооруна добуш бербей койгону себеп болду.

"Эмне болгон өзгөртүүлөр киргизилди, кайсы мыйзам долбоору экенин билбей эле добуш берип жатабыз. Депутаттар бири-бирибизден сурап отурабыз азыр. Жок дегенде комитеттин корутундусун көрсөтүп же демилгечи айтып берип койбойсуңарбы. Кеттик деп эле кете беребизби?", - деди ал.

Төрага Талант Мамытов мыйзам долбоору комитетте каралганын, коомдук талкууга коюлганын белгиледи.

Ал эми парламент өкүлү Медер Алиев Адахан Мадумаровдон шоу жасабоону суранды.

"Өткөндө социалдык тармакты карап отурсам активдүү колдонуучу "циркке барганда акча төлөйбүз, Жогорку Кеңештин депутаттарына да акча бериш керек элге шоу көрсөтүп жаткан" деп жазыптыр. Мен юрист болгондон кийин жакшы түшүнөм. Адахан Кимсанбаевич, өзүңүз регламентти билип туруп шоу кылып жатасыз. Ушунун эмне кереги бар?! Элге жагынайын деп "бул жерде акылсыздар отурат, бир гана сабаттуу бар" деп көрсөтүп жатканы өкүндүрбөй койбойт. Билесиз да, кантип билбейсиз? Уят да мунуңуз.

Жаңы регламент менен эски регламентти билесиз. Эмне артист болуп жатасыз? Ушул убакка чейин чыдадым, унчукпадым. Эми популизмдин да чеги болуш керек да", - деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 15 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: