super.kg logo

Казакстанда жаңы төрөлгөн ымыркайларды саткан интернет сайт аныкталды

 

Казакстанда жаңы төрөлгөн ымыркайларды сатуу боюнча жарнактар жарыяланган сайт аныкталды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Алматы шаардык прокуратурасы балдарды сатуу боюнча жарнактар ​​жарыяланган сайтты аныктады. Көзөмөл органынын маалыматы боюнча, жаңы төрөлгөн балдарын таштап кетүүнү каалаган жаш кыз-келиндер ыйгарым укуктуу органдардын жана соттун тиешелүү чечими жок эле мыйзамда белгиленген тартипти бузуу менен “сатып алууну” сунушташкан.

Ошондой эле сайтта ушундай жол менен бала багып алууну каалагандардын массалык жарыялары жарыяланып турат.

Алатау облусунун прокурору аталган сайтты мыйзамсыз деп табуу жана анын Казакстандын аймагындагы ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча доо арыз менен сотко кайрылган. Сот көзөмөл органынын арызын канааттандырган.

Ошол эле учурда адам сатуу фактысын текшерүү үчүн материалдар укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн. Бул кылмыш үчүн интернет сайттын ээлери мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: