"Чыгымдарды азайтуу максатында". Илон Масктын Tesla компаниясынын бир кеңсеси жабылды
Америкалык миллиардер Илон Маск негиздеген Tesla компаниясынын Калифорниядагы кеңсеси жабылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, мындай чечим компаниянын чыгашаларын азайтуу максатында кабыл алынган. Ага ылайык, 200 кызматкер ээлеген ордунан бошотулат. Ал эми калган кызматкерлер компаниянын башка кеңселерине бөлүштүрүлөт.
Эске салсак, буга чейин ишкер Илон Маск компаниядагы кызматкерлердин дээрлик 10 пайызын кыскартуу жана жумушка жаңы кызматкерлерди алууну токтотуу ниетин билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.