super.kg logo

Жүрөк жылытат! Орусияда Кыргыз жараны чоң суммадагы акча таап алып, милиция кызматына өткөрүп берди

 

Орусияда эмгектенип жүргөн Кыргыз жараны 80 миң рубль таап алып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Москванын Түштүк Медведково районундагы мектептердин биринде короо шыпыргыч болуп иштеген Шамарбек Матраимов аттуу Кыргыз жараны таштанды урнасынан 80 миң рубль акча таап алган. Окуя 12-июнда болгон. Ал акчанын ээсин тааныштары аркылуу өз алдынча издөөгө аракет кылган. Бирок арадан көп убакыт өтүп, ээсин табуу кыйынга тургандыктан 24-июнда полицияга кайрылган.

Орусиялык маалымат каражаттары жарыялаган видеодо Шамарбек Матраимов окуя боюнча өзү айтып берген. Анда ал башында бул нерсе атайын жасалганбы деп ойлоп, корккондугун билдирген.

"Корккондон эмес, бул деген бирөөнүн акчасы да. Кимдир бирөө бул үчүн тынчсызданып жатат. Анткени ал акчаны иштеп тапкан. Мен мындан байып же кедей болуп калбайм", - деп кошумчалаган ал сөзүнүн аягында.






шамарбек матраимов

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 14 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: