super.kg logo

Супер фактылар: Адамдардан бир гана тамеки чегүүнү үйрөнгөн маугли тууралуу уккансызбы?

 

Маугли тууралуу мультфильмди көрбөгөн адам жок болсо керек. Дал ошол жапайы табиятта жаныбарлар сыяктуу чоңойгон чыныгы маугли тууралуу уккансызбы?

1867-жылы Индиядагы токойлордун биринен мергенчилер карышкырлардын үйүрүндө отурган баланы таап алышкан. Мергенчилер карышкырларды атып өлтүрүп, болжол менен 6 жашар баланы балдар үйүнө алып келишкен.

Ал жерден балага Дина Саничар деген ысым берилген. Бирок эң кызыгы ал өзү курактуу балдардан аябай эле айырмаланып турган. Себеби ал жаныбарлар сыяктуу төрт аяктап басып, сүйлөгөндү билген эмес, карышкыр сымал асманды карап улучу.

Балдар үйүнүн тарбиячылары аны канчалык тарбиялоого аракет кылбасын ал цивилизацияга көнө алган эмес. Ага эки буттап басууну үйрөтүү да көп убакытты талап кылган. Ошондой эле кийимчен жүрүүгө да араң көнгөн. Ал чийки эт жеп, сөөктү ит сыяктуу кемирчү. Бардык аракеттерге карабастан ал бир дагы сөз үйрөнө алган эмес.

Адамдардан бир гана тамеки тартууну үйрөнгөн. Тамекини тынымсыз чеккендиктен кургак учук дартына чалдыгып, 34 жашында каза болгон.

26 жылдан кийин бул окуянын негизинде жазуучу Редьярда Кипплинг "Маугли" аттуу чыгармасын жазган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: