super.kg logo

Европада 2035-жылдан баштап күйүүчү май менен жүргөн жаңы автоунаалар сатылбайт

 

Европа 2035-жылдан тарта күйүүчү май менен жүргөн автоунаалардан баш тартат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Европа Биримдигинин өлкөлөрү Люксембургда климатты коргоо жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алды. Европа өлкөлөрүндө 2035-жылдан баштап күйүүчү май менен жүргөн жаңы автоунаалар сатылбайт. Климаттык фонд түзүлүп, көмүр кычкыл газын азайтууда авиация жана кеме жолдоруна дагы чектөөлөр болот. “Абаны булгоо салыгы” транспорттун күйүүчү майынын баасына жана жылуулук баасы үчүн дагы салынат.

Салыкка байланыштуу аз камсыз болгондорду жана чакан ишканаларды колдоо үчүн бюджети 59 миллиард долларды түзгөн Социалдык климаттык фонд түзүлөт.

Евросоюз 2030-жылга чейин көмүр кычкыл газын 50 пайыз азайтуу, 2050-жылы таптакыр көмүр кычкыл газынан арылууну пландап жатат. Европа Биримдигинин климат саясаты боюнча вице-президенти Франс Тиммерманс климаттык кризистин кесепеттери айкын болуп калганын белгилеп, экологиялык чараларды кечиктирүү мүмкүн эмес экенин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: